Трамп Путин "НАТО аймагына кол салбай турганын" билдирди

Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аймагына кол салбай турганын билдирди. Ал Ак үйдөгү жолугушууда журналисттерге Путин менен жакшы сүйлөшүүлөр болгонун айтып, «ал НАТО аймагына чабуул коюуну көздөбөйт» деп белгиледи.

Трамп ошондой эле ЦРУнун директору Жон Рэтклиффтин Москвага сапары тууралуу Батыштын маалымат каражаттарында чыккан билдирүүлөрдү четке какты. Анын айтымында, Рэтклифф Орусияга кандайдыр бир атайын эскертүү же билдирүү жеткирүү үчүн эмес, кызматтык байланыштарды сактоо максатында барган.

Буга чейин Politico, The Wall Street Journal жана ABC News басылмалары өз булактарына таянып, Рэтклифф Москвадагы сапарында Орусияны НАТОнун союздаштарына каршы мүмкүн болгон чыңалууну күчөтүүдөн баш тартууга үндөгөнү тууралуу жазышкан. Ошондой эле ал Кремлди Иранга берилип жаткан аскердик жана экономикалык колдоону кыскартууга көндүрүүгө аракет кылганы кабарланган.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков ЦРУ башчысынын сапары эки өлкөнүн атайын кызматтарынын ортосунда байланыш түзүүгө багытталганын билдирген. Анын айтымында, Рэтклиффтин Путин менен жолугушуусу пландалган эмес.

Шаршемби күнү Трамп Рэтклиффтин сапарынын негизги темасы Украина болгонун айткан.

Дагы караңыз

Непалдагы суу ташкыны: 389 кишинин сөөгү табылды, 900дөн ашууну дайынсыз "Боснияда миңдеген мусулман эркекти кырууга буйрук берген". Ратко Младич дүйнөдөн өттүМосквадагы өрт: 14 кыздын өмүрүн алган трагедияга он жыл