Непал–Тибет чек арасында катуу суу ташкыны жана сел жүрүп, бүтүндөй айылдарды жууп кетти. Непалдын бийлигинин 27-августтагы маалыматы боюнча, 350дөн ашуун адам каза тапты, 900дөн ашык киши дайынсыз болууда.
Куткаруучулар урандылар менен ылайдын арасынан тирүү калгандарды издеп жатышат. Жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жеткирилүүдө.
Reuters жергиликтүү бийликке таянуу менен дайынсыз кеткендердин 700дөн ашууну чет элдиктер экенин жазды.
Каза тапкандардын арасында индуист жана буддисттердин ыйык жери саналган Кайлас тоосу менен Манасаровар көлүнө зыяратка баргандар да бар экени кабарланды.
Издөө, куткаруу иштери уланууда.
Баштапкы маалыматтарга караганда, 26-августтагы күтүүсүз суу ташкынына эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 8:37де катталган жер титирөөдөн кийинки жер көчкү себеп болгон. Ылай аралашкан топон суу жээкке жакын жайгашкан имараттарды, адамдарды алып кеткен. Кырсык тартылган видеолордон ондогон кишилер топон суудан качып баратканын көрүүгө болот.
Шерине