Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

“Түндүк” жоюлуп, Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызматка” берилди

“Ынтымак ордо”
“Ынтымак ордо”

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, анын милдеттери, финансылык жана материалдык-техникалык каражаты, материалдык эмес активдери Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” кабарлады.

Бийлик мындай чечим бири-биринин ишин кайталаган мекемелерди жоюу, санариптештирүү жаатындагы иштерди координациялоону жакшыртуу максатында кабыл алынганын билдирди.

Расмий маалымат боюнча, “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана ал аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтар иштей берет.

Кыргыз өкмөтүнүн өлкөнү электрондук башкарууну жана санариптештирүүнү киргизүү жаатындагы иш-аракеттери менен “Түндүк” системасы түзүлгөн. Бул жаатта 2016-жылдан бери бир катар чечимдер кабыл алынган.

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин курамында турганда “Түндүк” мамлекеттик ишкана катары иштеген. 2025-жылы анын базасында ачык акционердик коом болуп өзгөргөн.

“Түндүк” акционердик коому – Кыргызстандагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөтүү жана ылдамдатуу үчүн түзүлгөн улуттук санарип платформа болчу. Компания бир нече мамлекеттик мекемелердин милдетин бириктирип, өлкөнүн маанилүү тармактарын санариптештирүүгө жооптуу болуп саналып келген.

2026-жылдын март айынын аягы, апрелдин башында “Түндүк” Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармасына өткөн. Кийин министрлик да жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулган.

Акыркы жылдары Президенттин иш башкармалыгына бир катар мамлекеттик мекемелер менен кызматтар өттү. Кыргызстан эгемендик алган жылдары Президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчынын ишин камсыздоо үчүн уюшулган. Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2021-жылдан тарта башкармалык президентти, өкмөттү жана парламентти да тейлей баштаган.

Беш жылда башкармалыкка “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Учкун” басмаканасы, “Унаа” ишканасы, “Кызмат” ишканасы, “ЭлКат” компаниясы жана башка мекемелер берилди. Ушул жылдын август айында эле Мамлекеттик “Кылым банк” ачык акционердик коому Финансы министрлигинен иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

“Азаттык” бул боюнча атайын программа даярдап, Президенттин башкармалыгы 4 резиденцияны, 5 мекемени, 3 кызмат-сервисти, 2 дирекцияны, 5 компанияны, 7 ишкананы, 2 бала бакчаны, 7 эс алуу жайды түздөн-түз башкарып жатканын көрсөткөн. (BTo)



Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG