Орусиянын Ростов облусунда Ozon маркетплейс компаниясынын логистикалык объектилеринин бири 29-августка караган түнү дрондордун чабуулуна кабылды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Өрт чыкканы, бирок тез арада өчүрүлгөнү маалымдалды. Дрон коркунучу тууралуу алдын ала жарыялангандыктан, кызматкерлер коопсуз жерге эвакуацияланган. Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
Ошол эле түнү Ростов облусуна жасалган аба чабуулдарынан жети адам жабыркаганы айтылды. Облустун губернатору Юрий Слюсарь билдиргендей, алардын экөө балдар.
Ростов-на-Дону шаарында төрт адам, анын ичинде эки бала ооруканага жеткирилди. Балдардын бири оор абалда экени кабарланды.
Шаарда көп кабаттуу эки үй зыянга учурап, алардын жашоочуларын эвакуациялоо жүрүүдө. Аксай районундагы кампа жайларынын аймагынан дрондун сыныктары табылып, токой тилкесинде өрт чыккан. Багаев районунда жеке үйлөр жабыркаган.
Буга байланыштуу Ростов облусунда 28-августтан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Облустук бийликтин маалыматына караганда, буга украин тараптын соккуларынан кийин Азов–Кара деңиз бассейнинде бир катар порттордун иши токтоп, деңиздеги жүк ташуу үзгүлтүккө учураганы себеп болууда.
Бийлик өзгөчө кырдаал аймагы катары Ростов облусунун бүт аймагын белгиледи. Порттордун иштебей калышы айыл чарба өндүрүүчүлөрүндө продукциянын ири көлөмдө топтолушуна алып келип, материалдык чыгымга себеп болушу мүмкүн экени айтылды.