Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Транспорттук көзөмөл кызматына жасалма диплом менен орношкон эки инспектор аныкталганы маалымдалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорттук прокуратура Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында эки жаран жасалма диплом менен иштеп жүргөндүгүн аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, алар жумушка орношууда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүп, транспорттук көзөмөл кызматына инспектор болуп кабыл алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жарандар бул жогорку окуу жайларда окубагандыгы жана алар көрсөткөн дипломдор жасалма экендиги тастыкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси ("Документтердин жасалмасын жасоо") менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстанда буга чейин да жогорку окуу жайын окубай туруп, диплом алып, мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн жарандар аныкталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы жылдары Жогорку Кеңештин айрым депутаттары окубай туруп диплом алганын аныктаганын кабарлаган. Ага ылайык, Фархат Исмаилов жана Фарходбек Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма деп таанылып, кийинчерээк мандатынан ажыратылган. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Орозайым Нарматованын мандаты да диплом чырына байланыштуу алынган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG