28-августта Орусиянын Украинага жасаган кезектеги чабуулдарынан Киев облусунда жана Сумы шаарында бирден адам каза болуп, бир нече киши жараат алды. Ошол эле учурда Запорожьедеги белгилүү «Хортиця» арак-ликер заводу толугу менен талкаланганы кабарланды.
Киев облусунун аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченконун маалыматына караганда, Буча районундагы чабуулдан бир адам мерт болду. Дагы эки киши, анын ичинде Фастов районунда аял жана Буча районунда эркек киши жараат алган.
Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, Буча районунда дрон чабуулдарынан кампалар жана автоунаалар өрттөндү. Куткаруучулар иштеп жаткан учурда дрон кайрадан сокку урган. Буга чейин Святопетровское айылынын бийлиги «Нова поштанын» кампасы эки жолу чабуулга кабылганын билдирген.
Украин бийлиги Орусия борбор шаар Киевди дүрбөлөңгө салуу жана жашоо ыргагын үзгүлтүккө учуратуу максатында реактивдүү дрондорду аздан, толкун-толкун менен учуруп жатканын айтууда.
Запорожьеде жайгашкан «Хортиця» ликер-арак заводуна кеминде төрт жолу сокку урулуп, ишкана үч сааттан ашык күйгөн. Global Spirits компаниясынын маалыматына караганда, заводду калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес.
Сумы облусунда дагы орусиялык башкарылуучу авиабомбалардын соккусунан 61 жаштагы жайкын тургун каза болуп, жети адам жараат алды. Облустук администрациянын башчысы Олег Григоров каза болгон адам сокку учурунда жүк ташуучу унаада отурганын билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, Сумыда турак жайлар жана жарандык инфраструктура объектилери жабыркап, бир нече жерде өрт чыкты. Куткаруучулар кайрадан сокку урулушу мүмкүн деген коркунучтан улам ишин бир нече жолу токтотуп, баш калкалоочу жайларга кирүүгө аргасыз болушкан.
Шерине