Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Непалдагы суу ташкыны: Каза болгондордун саны беш жүздөн ашты, миңдей адам дайынсыз

Непал
Непал

Непал бийлиги суу ташкындан жабыркаган аймактардан 547 адамдын сөөгү табылганын билдирди. Ошол эле учурда Непалдын өзгөчө кырдаалдар кызматтары 977 адамдын кайда экени азырынча белгисиз болуп жатканын маалымдады. Алардын 517си чет өлкөлүк жарандар. Кытай бийлиги дагы 500дөн ашуун адам дайынсыз болуп жатканын кабарлоодо.

Ошол эле маалда Непал менен Тибеттин чек арасында жаңы кырсык коркунучу сакталып турат. Тоодон кулаган чоң көлөмдөгү таш жана топурак бийик тоолуу аймактагы дарыянын нугун бөгөп, көл пайда кылган. Учурда ал көл тездик менен толуп, миллиондогон куб метр суу, ылай жана таш кайрадан капчыгайларга агып түшүшү мүмкүн.

Непалдын премьер-министри Балендра Шах кырсык болгон аймактарга барып, издөө-куткаруу иштерине 13 миңден ашуун аскер кызматкери, куралдуу полиция жана улуттук полициянын өкүлдөрү тартылганын билдирди.

Өкмөт жабыркагандар үчүн убактылуу жайгаштыруу борборлорун уюштуруп, жаракат алгандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүүдө. Учурда негизги көңүл дайынсыз жоголгондорду издөөгө жана жабыркагандарга жардам берүүгө бурулган.

26-августтагы күтүүсүз суу ташкынына жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 8:37де катталган жер титирөөдөн кийинки жер көчкү себеп болгон. Ылай аралашкан топон суу жээкке жакын жайгашкан имараттарды, адамдарды алып кеткен. Кырсык тартылган видеолордон ондогон кишилер топон суудан качып баратканын көрүүгө болот.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG