Казакстанда 46 жаштагы өзбекстандык профессор Икболжон Корабоев дээрлик эки айдан бери камакта отурат. Би-би-синин өзбек кызматы туугандарына шилтеме берип билдиргендей, ал тыңчылыкка шектелүүдө. Корабоев Астанадагы Максут Нарикбаев университетинде эл аралык мамилелер боюнча сабак берип келген. Бул тууралуу 27-августта "Азаттык Азия" жазды.
Туугандарынын айтымында, 3-июлда жарандык кийимчен бир нече адам анын үйүнө келип, тыңчылыкка шек саналып жатканын айтып алып кетишкен. Ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси ("Тыңчылык") боюнча айып тагылган.
Профессор кайсы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылган деп шектелип жатканы расмий түрдө айтылган эмес. Бирок туугандарынын маалыматына караганда, кармоо учурунда атайын кызмат өкүлдөрү анын Астанадагы Өзбекстандын консулдугунун кызматкерине маалымат берген болушу мүмкүн экенин кыйыткан.
Айрым божомолдор боюнча, ал Өзбекстандын пайдасына тыңчылык кылган деп шектелүүдө. Дагы бир версия боюнча, анын кармалышы стратегиялык мааниге ээ минералдар боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрүнө байланыштуу болушу мүмкүн.
“Власть” басылмасы Корабоев Евразиядагы аймактык кызматташтык жана интеграция маселелерин изилдеп келгенин жазды. Быйыл апрелде ал Казакстан менен Өзбекстандагы стратегиялык маанидеги минералдардын укуктук, саясий жана стратегиялык аспектилери тууралуу изилдөө даярдаган, бирок аны жарыялай элек болчу. Кесиптештеринин айтымында, эмгектеги маалыматтардын баары ачык булактардан алынган.
Корабоев Өзбекстандын жараны. Ал Астанада жубайы жана жашы жете элек үч баласы менен жашап келген. Би-би-си Өзбекстандын Башкы прокуратурасына, Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтерине, ошондой эле Казакстандагы консулдугуна кайрылганын, бирок жооп ала албаганын билдирген.
Максут Нарикбаев университети да бул маселе боюнча комментарий бере элек.
Шерине