Украинада 29-августка караган түнү Киев облусундагы кампа жайларына Орусиянын аскерлери урган соккусунан кийин ири өрт чыкты. Өрт учурунда бир нече жарылуу болгону кабарланды.
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченконун маалыматына караганда, чабуулдан жана андан кийинки өрттөн кеминде алты адам жаракат алды. 200дөн ашуун адам, анын ичинде балдар, коопсуз жайга эвакуацияланды.
Кийинчерээк Ткаченко каза болгондор бар экенин билдирди, бирок алардын так саны азырынча айтыла элек.
Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий окуяны «кылмыштуу шалаакылык» деп атап, күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылышы керектигин билдирди.
Украинанын Башкы прокуратурасы кызматтык шалаакылыкка байланыштуу кылмыш ишин козгоп, тергөөгө чейинки иликтөө башталганын маалымдады.
Тергөөчүлөр Орусиянын соккусунун бардык жагдайларын гана эмес, чабуулдун кесепеттерин күчөтүшү мүмкүн болгон себептерди иликтей турганы, ишканада жарылуучу заттарды жана материалдарды сактоо мыйзамдуу болгон-болбогонун да текшерери айтылды.
Ишембиге караган түнү Киев шаары да дрон чабуулуна кабылды. Куткаруу кызматтарынын маалыматына караганда, Святошино районунда көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде өрт чыкты. Ошондой эле жеке үйлөр жабыркады. Эки адам медициналык жардамга кайрылды.
Одесса облусунун Измаил районунда түнкү соккудан бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, транспорттук инфраструктуранын айрым объектилери жабыркап, азык-түлүк ташыган сегиз унаа өрттөндү.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат.