Моди Путинди Украинадагы согушту токтотууга чакырды

Нарендра Моди жана Владимир Путин. Бишкек. 2026-жылдын 31-августу.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 31-августта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Украинадагы согушту токтотууга чакырды.

Кремлдин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, ал маселелер тынч жол менен чечилиши керектигин айтты:

"Бизге токтобогон согуш эмес, согуштун токтошу зарыл... Согуш жүрүп жаткан ар бир күн сайын адамзат бир кадам артка кайтат, ал эми тынчтыкка карай жасалган ар бир кадам адамзатка тынчтыкка чыныгы үмүт тартуулайт. Биз токтобогон согушка караганда согушту, согуштук аракеттерди токтотууга өтүшүбүз зарыл. Биз дал ушул багытта кетишибиз керек. Бул бардык адамзат үчүн маанилүү. Биз бардык маселелерди тынч жол менен чечишибиз зарыл, муну жалпы адамзат талап кылат".

Путин Модиге "Биз ошол жол менен бара жатабыз" деп жооп берди.

Согушту токтотуу керектигин орус президентине жакында казак лидери Касым-Жомарт Токаев да айткан. 25-июлда ал Европа менен АКШдан көптөгөн сигналдар келип жатканын, Украинадагы согуш мамлекеттер аралык жаңжал экенин жана аны жарандык согуш катары мүнөздөөгө болбой турганын белгилеген. Ал Путинге согушту аяктап, "жаңжалды токтотууга" убакыт жеткенин айткан.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына беш чылга чукулдап баратат. Түрдүү деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Дагы караңыз

Путин, Си, Моди Бишкекте. Чоң державалардын атаандаштыгы жана кызматташтыгы “Бишкек аренада” VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылды ШКУнун Бишкек саммитинде эмне талкууланат?Эгемендикке 35 жыл: Экономикалык өнүгүү, эркиндиктин баасы