Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Эгемендикке 35 жыл: Экономикалык өнүгүү, эркиндиктин баасы


Эгемендикке 35 жыл: Экономикалык өнүгүү, эркиндиктин баасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

Кезинде “Борбор Азиядагы демократия аралчасы” деп таанылган Кыргызстан 35 жыл ичинде бир топ олуттуу сыноолорду башынан өткөрдү. Азыркы бийлик өлкө эми гана өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып, соңку жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мисал тартып келүүдө. Ал “30 жылда мындай болгон эмес” деген сөз айкашы менен коштолуп жатат. Ошол эле маалда мамлекеттик институттардын чыңдалышы, сот адилеттүүлүгү, саясий жана сөз эркиндигине, адам укугуна байланыштуу маселелер дале актуалдуу. Саясат таануучулар тарыхтан сабак алуу процесси уланып жатканын, эркиндиктин куну кымбат, баасы жогору экенин түшүнүү зарылдыгын белгилешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG