Бишкектин "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс борборунда "ШКУ плюс" форматындагы жыйын башталды.
Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары жана өнөктөш, байкоочу макамдагы мамлекет жетекчилери жабык жыйынга чогулушту.
Мунун алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, 20дан ашуун документ кабыл алынды.
Уюм 2001-жылдын июнунда түптөлгөн. Адегенде Шанхай бешилтигине – Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кошулуп, азыркы аталышы берилген. Кийин ага Индия, Пакистан, Иран жана Беларус мүчө болду.
2001-жылы беш өлкөгө Өзбекстан кошулуп, лидерлер ШКУну түзүү тууралуу документтерге кол коюшкан. 2015-жылдан бери альянс Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгышты көздөй кеңейип отуруп, ушу тапа ага 10 өлкө кирет, диалог боюнча өнөктөш мамлекеттин арасында Түркия, Азербайжан, Катар жана башкалар бар. Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. 2024-жылдын 4-июлунда акыркы болуп уюмга Беларус кабыл алынган.
Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. 1-сентябрдагы жыйында президент Садыр Жапаров уюмга төрагалык кылуу үчүн эстафетаны Пакистанга откөрүп берди. (КЕ)