Еврошаркет Орусия менен Түндүк Кореядагы балдар лагерлерине каршы санкция даярдайт

Еврошаркеттин желеги. Еврокомиссиянын баш кеңсеси. Брюссел

Евробиримдик Орусиядагы, аннексияланган Крымдагы жана Түндүк Кореядагы балдар лагерлерине, Украинанын орус армиясы көзөмөлдөгөн аймактарындагы билим берүү тармагына жооптуу айрым аткаминерлерге каршы жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун баяндамачысы Рикард Йозвяк билдирди. Тиешелүү документтин көчүрмөсү редакцияга тийген.

Санкция салуу сунушталган мекемелердин арасында Орусия президентинин иш башкармалыгына караштуу балдардын "Радуга" ден соолукту чыңдоо борбору да бар. Пансионат аннексияланган Крымда жайгашкан. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, "Радуга" Киев көзөмөлдөбөгөн аймактардан келген украиналык балдарды кабыл алат. Алар үчүн күн сайын Орусиянын туусун көтөрүү иш-чарасы, орус тарыхы боюнча сабактар уюштурулат, аскердик-спорттук мелдештер жана аскердик темадагы экскурсиялар өткөрүлөт. ЕБ бул лагердин ишин украиналык балдарды ассимиляциялоо жана идеологиялык жактан таасир этүү саясатынын бир бөлүгү катары баалайт.

Документте башка балдар мекемелери да көрсөтүлгөн. Алардын катарында Владивостоктогу "Океан" бүткүл орусиялык балдар борбору, Ростов облусундагы "Ромашка" жана "Спутник" лагерлери, Дагестандагы "Солнечный берег", Краснодар крайындагы "Вита" жана "Сигнал" лагерлери, Орусиянын башка аймактарында жана аннексияланган Крымда жайгашкан мекемелер бар.

Тизмеге Түндүк Кореянын Вонсан шаарындагы эл аралык "Сондовон" балдар лагерин да киргизүү сунушталууда. Документте бул лагер аннексияланган аймактардан келген украиналык балдарды кабыл алган мамлекеттик мекеме катары сүрөттөлөт. Расмий түрдө мындай сапарлар маданий алмашуу катары көрсөтүлгөнү менен, Евробиримдиктин баамында ал жерде балдар орусиячыл пропаганданын таасирине кабылып, аскердик даярдык элементтери бар иш-чараларга тартылат.

Чектөөлөр Татарстандын башчысы Рустам Миннихановго да тиешелүү болушу мүмкүн. Документте ал украиналык балдарды Орусияга мажбурлап алып чыгууга катышы бар жогорку даражалуу аймактык жетекчилердин бири катары аталат. Тактап айтканда, долбоордун авторлору балдардын Татарстандагы "Мирас" лагеринде жайгаштырылганын белгилешет.

Тизмеге ошондой эле Украина көзөмөлдөбөгөн аймактардагы билим берүү системасы менен байланышкан Орусия дайындаган бир катар аткаминерлерди кошуу сунушталууда. Алардын арасында Запорожье облусунун билим берүү министри Александр Калягин (Орусия армиясы облустун бир бөлүгүн көзөмөлдөйт), өзүн өзү "ДЭР" деп атап алган түзүмдүн билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучусу Олег Трофимов, аннексияланган Крымдын билим берүү министринин орун басары Светлана Беспалова жана Ялтада орус администрациясынын башчысынын орун басары Ренард Кутковский бар.

Жалпысынан Брюссел 1600дөй кишиге жана ишкана-уюмга каршы санкция киргизүүгө камданууда. Документ октябрь айында бекитилери күтүлүп жатат.

"Азаттыктын" булагынын маалымдоосунда, санкциялык тизмени кеңейтүү Евробиримдиктин Орусияга карата жаңы стратегиясынын бир бөлүгү.

Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын 21-топтому 23-июлда кабыл алынган. Анда 170 компания жана 48 кишиге, орус банктарына жана энергетика менен коргонуу тармагындагы ишканаларга чектөөлөр киргизилген. Шаркеттин "кара тизмесине" Орусияга каршы буга чейин салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берген деген негизде үчүнчү өлкөлөрдөгү компаниялар да илинген.

Москва санкцияларды мыйзамсыз деп эсептейт жана алардын киргизилиши Орусия менен Украинанын ортосундагы аскердик жаңжалды жөнгө салууга жардам бербей турганын билдирип келет.

Дагы караңыз

Украиндагы уруш, Ирандагы согуш. Бишкекте эмне сөз болду? ШКУ Украина жана Ирандагы согушту токтотууга арачы боло алабы?