Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын өкүлдөрү жакынкы күндөрү Киевге жана Москвага барууну пландап жатканын билдирди.
Ал 3-сентябрдагы кечки кайрылуусунда сапардын алдын ала мөөнөттөрү белгилүү болгонун айтып, жолугушуулар жакынкы күндөрдө өтөрүнө үмүт артарын белгиледи. Бирок башка чоо-жайын ачыктаган жок.
АКШ менен Орусия азырынча бул маалымат боюнча комментарий бере элек. 2-сентябрда Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусия менен Украинаны согушту токтотууга дагы бир жолу чакырган. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин, бирок мындай жолугушуу согуш аяктоого жакындаганда гана максатка ылайыктуу болорун айткан.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына курган маегинде Вашингтон алдыдагы жумаларда Москва менен Киевдин ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоо мүмкүнчүлүгүн аныктоого аракет кыларын билдирди. Анын айтымында, эки тараптын тең так белгиленген “кызыл чектери” бар экени түшүнүктүү жана Трамптын администрациясы ушул позицияларды жакындатууга аракеттенет.
Быйыл жыл башында, Трамп менен Путиндин Анкориждеги жолугушуусунан кийин, АКШнын ортомчулугу менен Орусия жана Украина өкүлдөрү бир нече ирет сүйлөшүү өткөргөн. Акыркы жолугушуу февраль айында өткөн. АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы башталгандан кийин мындай жолугушуулар өткөрүлө элек.