Рязанда дрон чабуулдарынан улам мунай заводунда өрт чыкты

6-сентябрга караган түнү Орусиянын аймактары жапырт дрон чабуулуна кабылды. Рязань облусунун губернатору Павел Малков "ишканалардын биринде" өрт чыкканын билдирди. Күбөлөр жарыялаган сүрөттөр менен видеолорду изилдеген ASTRA мониторинг долбоору «Роснефтке» таандык Рязань мунай кайра иштетүүчү заводу чабуулга кабылганын ырастоодо.

Рязань мунайды кайра иштетүүчү заводу – Орусиядагы эң ири заводдордун бири, анын кубаттуулугу жылына болжол менен 17 миллион тонна мунайды түзөт. Орусия Украинага басып киргенден бери ишкана украин дрондорунун чабуулуна бир нече ирет, анын ичинде 2026-жылдын май жана июль айларында да кабылган.

Облустук бийликтин маалыматы караганда, Рязанда жана Сапожков районунда учкучсуз учактардын сыныктарынан турак үйлөр жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

Ростов облусунда 30га чукул дрон асманда жок кылынганын губернатор Юрий Слюсарь билдирди. Ростов-на-Дону шаарында бир нече көп кабаттуу үй жабыркаган. Совет районунда эки үйдүн жогорку кабаттары жана чатырлары, ал эми Ленин районунда көп кабаттуу үйдөгү батир жана имараттын айнектерине зыян тийген. Ошондой эле Киров районунда да айрым үйлөргө тийген.

Чабуулдун кесепетинен Ростов-на-Донуда үч киши жараат алган. Экөө, анын ичинде бир бала ооруканага жаткырылды, дагы бирине жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Ростов облусунун Азов районунда төрт турак үй, Батайскиде бир там, Мясников районунда турак үйдүн чатыры жабыркаган. Чертков районунда учкучсуз учактын сыныгы локомотивге тийген. Буга байланыштуу жүргүнчү ташуучу жети поезд кармалып калган.

Орусиянын Коргоо министрлиги эртең мененки маалыматында украиналык 258 дрон атып түшүрүлүп, жок кылынганын кабарлады. Мекеме учкучсуз учактар түн ичинде Орусиянын 13 аймагынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын, ошондой эле Кара жана Азов деңиздеринин үстүнөн жок кылынган.

Дагы караңыз

ДКО: Кыргызстан көкпардан Казакстанды жеңип, чемпион болдуАКШ Ирандын үч кемесине "жооп катары" сокку урганын билдирдиДКО: Кыргызстан көк бөрүдөн Казакстанды утуп, чемпион болдуКөрүнүктүү окумуштуу Мухаме Имазов дүйнөдөн кайтты