"Көчмөндөр оюндарына атайын келдим". Туристке толгон Кырчын
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кырчын жайлоосуна Көчмөндөр оюндарына күн сайын жүздөгөн адам келип жатты. Бул жерден Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерди да жолуктурдук. Кимдир бирөө Көчмөндөр оюндарын көргөнү келсе, дагы бири кыргыздын маданиятына, улуттук оюн-зоогуна кызыгат экен. “Азаттыктын” кабарчылары Кырчынды аралап, бул жердин өзгөчө маанайын түзүп жаткан коноктор менен тааныштырат.