АКШнын Флорида штатындагы Майами эл аралык аэропортунда Amazon Prime Air компаниясынын жүк ташуучу учагы кырсыктап, беш адам каза болду, дагы бешөө жараат алды. Бул тууралуу Reuters жана Associated Press агенттиктери кабарлады.
6-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 чамасында Пуэрто-Риконун борбору Сан-Хуан шаарынан келген Boeing 767 учагы конуу тилкесинен чыгып кетип, бир нече автоунааны сүзүп, андан соң өрттөнгөн.
Майами-Дейд округунун өрт кызматынын башчысы Рэй Жадалланын айтымында, учактын эки учкучу кабинанын ичинде камалып калган. Ал эми айрым адамдар машинелердин ичинде калган. Жаракат алгандардын үчөө оор абалда.
Amazon компаниясы учак конууга аракет кылып жаткан учурда кырсыктаганын билдирди. Себеби белгисиз, иликтөө жүрүп жатат.