Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:35

Нурланбек Тургунбек уулу “Ырыс ордонун” ачылышына барганын кадыресе көрүнүш катары мүнөздөдү

24-августта "Ырыс ордонун" ачылышына "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыпталгандар да чакырылган.
24-августта "Ырыс ордонун" ачылышына "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыпталгандар да чакырылган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “75чилердин каты” боюнча иштин алкагында айыпталуучу катары өтүп жаткан саясатчы Нурланбек Тургунбек уулу эки апта алдын “Ырыс ордонун” ачылышына катышканы боюнча комментарий берди. 7-сентябрда ал Бишкек шаардык сотунда журналисттердин “бийликти басып алуу боюнча иште айыпталуучу болуп туруп, ачылышка кантип барып калдыңыз, сиздерге иш козгон министр менен эмнелерди сүйлөштүңүз?” деген суроолоруна жооп берди.

“Албетте, чакыруу менен бардык. Чакыруусуз бармак белек? Бизди расмий түрдө чакыруу кагазын беришти. Чакырылгандар катары бардык, катыштык. [...] Садыр Нургожоевич “биз кандай гана саясий көз караштагы адамдар болбосун, кандай гана учурлар болбосун мындан ары ынтымак, ырашкерликте, биримдикте болушубуз керек” деп айтпадыбы?! Ошол жерге чакырылгандарды көрүп, мен президенттин сөзү туура жана колдой турган максатта болгонун түшүндүм. Себеби, дегенде иш жүзүндө көрүндө, бардыгын чакырыптыр. [...] Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биз президенттин командасында дээрлик беш жылга жакын иштештик, көптөгөн мыйзам долбоорлорду өткөрдүк. Көп учурларда тыгыз, бирге иш алып бардык. Мамилебиз баары менен эле жакшы. Ал жерде жөн гана жолуктук, эч нерсе жөнүндө сөз болгон жок”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

24-августта Бишкекте “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунун ачылышына президент Садыр Жапаров, учурдагы жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, эл аралык миссиялардын өкүлдөрү, журналисттер катышкан.

“Ырыс ордонун” ачылыш аземине Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев да келген. Экөө тең “75чилердин каты” деп аталган кылмыш ишинин фигуранттары. Нурланбек Тургунбек уулу ага каршы иш козгогон ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков менен кучакташып учурашкан. Бул коомчулукта талкуу жараткан.

Садыр Жапаров иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө саясий күчтөрдү биримдикке үндөп, жаңы муунду мурдагылардын кемчилигин кайталабоого чакырган.

7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда “75чилер каты” боюнча соттук отурум уланды. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, түшкө чейин иштин материалдары изилденди. Түштөн кийин жарыш сөз башталат. Андан соң айыпталуучулардын акыркы сөзү угулуп, сот өкүм чыгарышы мүмкүн.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.

Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробациялык жаза берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.

Райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна прокуратура жана шектүүлөр да апелляциялык арыз берип, иш шаардык сотто каралууда.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

Садыр Жапаров маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

“75чилер каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан. (ErN)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG