Садыр Жапаров адам укуктарын коргоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин айтты

Президент Садыр Жапаров Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. 7-сентябрь, 2026-жыл.

7-сентябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер каралды.

Жаманбаева мамлекет башчыга Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, иштин негизги жыйынтыктары жана акыркы жылдарда жетишилген натыйжалар, ошондой эле жарандардын укуктарын, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Жапаров адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана сактоо мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктарынын бири экенине токтолду.

Президент кыйноо көрсөтүү же жарандардын укуктарын бузуу боюнча кайрылуулар келип түшкөн учурда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери толук жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүп, мыйзам кепилдеген жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылып, укук коргоо органдарынын ыктымал басымынан же мыйзамсыз аракеттерден коркпостон алардын кызыкчылыктарын коргошу керектигин өзгөчө баса белгиледи.

Президент Жапаров жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоого жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга багытталган Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Сентябрдын башында Адам укуктары боюнча эл аралык International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму Кыргызстандагы жарандык эркиндиктердин абалы боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Баяндаманын авторлору 2026-жылдын март айынан августка чейинки абалга токтолуп, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга карата саясат жумшарат деген үмүт акталбаганын белгилешкен. Айрымдарга актоо өкүмдөрү чыгарылып, адамдар бошотулганына карабастан журналисттерге, блогерлерге, активисттерге жана оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыш иштерин козгоо улана бергени да айтылат.

Быйыл май айында International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму, Казакстандын адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросу, Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясы (AHRCA) жана Түркмөнстан Адам укуктары боюнча демилгеси (TIHR) чогуу билдирүү жасап, Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандык мейкиндикти жана жеке пикирди чектөө максатында онлайн репрессия колдонуу күч алганын эскертишкен.

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырганда эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон. (ErN)