“Прайм эра”
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты. “Бишкек Арена” стадиону, 31-август, 2026-жыл
Кыргызда “той болот, тойдун эртеси да болот” деген сөз бар. Анын сыңарындай Кыргызстан дагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жыйынтыктап, ич ара талкуулап жатат. Бул жолку көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн мааракелик саммитине туура келгендиктен, мааниси ого бетер артты. 31-августта 50 миң кишиге ылайыкталган “Бишкек арена” стадионунда өткөн ачылыш салтанатына саммитке келген бир нече өлкөнүн лидерлери катышты.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында. “Бишкек Арена” стадиону, 31-август, 2026-жыл
Интернет желесинде жана эл аралык медиада параддан өтүп жаткан спортчуларына кол булгалап турган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, орус президенти Владимир Путин, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери улам көрсөтүлүп, Олимпиада сыяктуу эле масштабга ээ болду.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатындагы лидерлер. “Бишкек Арена” стадиону, 31-август, 2026-жыл
Айрым чет өлкөлүк жана коңшулаш өлкөлөрдөгү интернет колдонуучулар соцтармактарга ачылыш аземдеги видеолордун үзүндүсүн жарыялап, “кыргыздар “прайм эрасын" жашап атат” деп жазышты. Бул сленг “адамдын бардык жагынан жетилип, гүлдөп, эң жогорку натыйжага жеткен” абалын сүрөттөйт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты. “Бишкек Арена” стадиону, 31-август, 2026-жыл
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Атада өткөн жабылуу аземинде “Көчмөн оюндары өз мекенине мурдагыдан да чоң масштабда кайтып келип, дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекетинин өкүлдөрүнүн башын бириктиргенин” белгиледи.
Кыргызстан өзү демилге көтөрүп, эки жыл сайын өтчү Көчмөндөр оюндарын ар төрт жылда өзүндө уюштурууну дагы көздөп турат. VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү Татарстан Республикасына берилди. Оюндардын символу катары суу толтурулган көөкөрдү Адылбек Касымалиевдин колунан Орусиянын спорт министри Михаил Дегтярев жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов алды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндардын символу катары суу толтурулган көөкөрдү Адылбек Касымалиевдин колунан Орусия Федерациясынын спорт министри Михаил Дегтярев жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов алды.
Ошентип баш-аягы Кыргызстан алты күн Көчмөндөр оюндарынын деми менен жашады. Бир гана спорттук эмес, маданий, илимий дагы иш-чаралар менен коштолду. Маданият министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында 600дөн ашуун иш-чара өткөрүлгөнүн билдирди.
Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасы
Алардын көбү Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда өтүп, жүздөгөн турист агылды. Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасы маданий иш-чаралардын негизги ордосу болду.
Көчмөндөр оюндары ушундай жогорку нота менен жыйынтыкталды. 5-сентябрга карата VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына жалпы суммасы 31 млн 721 миң сомго 37 198 билет сатылганы маалымдалган эле. Азырынча өкмөт иш-чараны өткөрүүгө канча каражат сарпталганын ачык жарыялаган жок. Адатта дүйнөдөгү ири спорттук мелдештерде канча чыгым кетип, канча пайда көргөнү боюнча дагы эсеп-кысап жүрөт эмеспи.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 өлкөнүн оюнчулары спорттун 42 түрү боюнча таймашты. Мурдагы жылга салыштырганда катышкан өлкөлөрдүн саны дагы артты.
“Сегиз жылдан берки динамикага карасак, катышуучу мамлекеттердин саны 82ден 109га чейин өстү. Бул долбоорго болгон кызыгуунун күчөп жатканын көрсөтөт”, - деди VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы бүркүтчүлөр. Кырчын жайлоосу, 2026-жыл, сентябрь
"Казакстан биринчи орунду ээледи"
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештери боюнча жалпы эсепте ким алдыга озду деген маселеде талаш жаралды. Тагыраагы, Казакстан менен Кыргызстан командалык эсептеги алтын медалдарды ар башкача санап, соцтармактарда талаш-талкууга жем таштады. Айрым булактар Кыргызстан 72 медал (30 алтын, 29 күмүш, 13 коло) биринчи орунда алганын, 64 медал менен Казакстан экинчи орунда, 34 медал менен Орусия үчүнчү орунда чыкты деп маалымдаган эле.
Көчмөндөр оюндарындагы жалпы медалдардын жадыбалы: казакстандык пабликтерде тараганы (сол жакта) жана Кыргызстанда жарыялаган (оң жакта)
Көчмөндөр оюндары жыйынтыкталар замат казак басылмалары командалык эсептин жадыбалын жарыялап, Казакстан 32 алтын, 20 күмүш жана 22 коло медал утуп биринчи орунду ээлегенин кабарлашты. Ал эми Кыргызстан 30 алтын, 35 күмүш жана 19 коло медаль (жалпы 84 сыйлык) менен экинчи орунда деп көрсөтүштү. Мунун алдында Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары Instagram баракчасында башка жадыбалды жарыялаган. Анда биринчи орунда Кыргызстан турган.
Бул талаш эмнеден чыкканы боюнча азырынча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылы кеңири түшүндүрмө бере элек. Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт агенттиги “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын концепциясына ылайык, өлкөлөр арасында расмий медалдык жана жалпы командалык эсеп жүргүзүлбөйт” деп жарыялады.
"VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын концепциясына ылайык, Оюндун алкагында расмий медалдык жана командалык эсеп, ошондой эле өлкөлөрдүн жеңип алган медалдарынын саны боюнча жалпы рейтинг жүргүзүлбөйт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги максаты — салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү, аларды дүйнө коомчулугуна кеңири жайылтуу, элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, ошондой эле маданий баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат. Оюндун концепсиясы атаандаштыкта эмес, ынтымактуулукту арттырууда. Ошол себептен Оюндардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер арасында жалпы медалдык рейтинг түзүлбөйт", - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Казакстандык журналисттер жыйынтыктоочу эсепке мелдештин акыркы күнүндөгү тогуз коргоол боюнча медалдар кошулбай калганын жазууда.
Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 7-сентябрда алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөнүн билдирип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээлегенин кабарлады.
Аскат Алагөзов
"Өзгөчө көк бөрү жана жер улакта кыргыз жана казак командалары мыкты оюн көрсөтүп, атаандаштык оюн талаасында гана каларын дагы бир жолу далилдешти. Күйөрмандардын арасында да эч кандай маселе жаралган жок. Бул үчүн спортчуларга жана эки элдин күйөрмандарына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Командалык эсеп боюнча бир гана техникалык айырма медалдарды эсептөөдө жаралган. Бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз! Кыргызстандык спортчулар да бул оюндарда өз күчүн, чеберчилигин татыктуу көрсөттү. Медалдын эсеби спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду", - деп жазды ал Фейсбуктагы расмий баракчасына.
“Баары бир тең, көк бөрү бир тең”
Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрүчүлөрү финалдык беттеште. Чолпон-Ата, 6-сентябрь. 2026-жыл.
VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан курама командасы Казакстанды көкпардан 7:2 эсебинде жеңип алды.
Мунун алдында Кыргызстан менен Казакстандын оюнчулары көк бөрүдөн да финалдык оюн өткөрүп, кыргызстандык улакчылар 12:0 эсеби менен жеңген.
Бири-биринен көп деле айырмаланбаган бул оюндун мелдешке эки башка кирип калышынын дагы өзүнүн таржымалы бар. Илгертен эле улак тартыш Кыргызстанда эң популярдуу спорт. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин оюнду заманбап спортко айлантуу аракети менен келүүдө. 90-жылдары көк бөрү деп өзүнчө эрежелерин иштеп чыгып, 2000-жылдардын башында Эл аралык көкбөрү федерациясын түзгөн. Ага Кыргызстандан сырткары, Казакстан, Өзбекстан, жана Тажикстан мүчө болуп кирген. Бирок соңку жылдары көк бөрү кимге таандык деген талаш өзүнөн өзү кыргыз-казак элинин ортосундагы эрегишке айланып барууда. 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан Казакстанды ири эсепте жеңип алган. Ошондон кийин Казакстан көкпар эрежесин иштеп чыгып, 2017-жылы Астанада биринчи Дүйнө чемпионатын уюштурган.
Көк бөрү мелдеши. Чолпон-Ата шаары, 2026-жыл.
Түркияда өткөн IV Көчмөндөр оюндарында көкпар өзүнө спорттун түрү катары кирди. Казакстандык жана кыргызстандык спортчулардын ортосунда көкпар жана көк бөрүдөгү эрежелерге жана калыстыкка байланыштуу бир нече жолу талаш-тартыштар болгон.
2024-жылы Астанада өткөн Көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалда калыс атайын жеңишти тартып берип койду деген катуу дооматтар болду. Оюн учурунда казак оюнчусу кыргызстандык улакчыны камчы менен чаап жибергени үчүн нааразылык болуп, беттеш убактылуу токтотулуп, кыргызстандыктар ат майдандан чыгып кетишкен. Андан кийин финал кайра улантылып, Казакстандын курама командасы 5:4 эсебинде жеңишке жеткен. Бирок калыстык адилетсиз болгонун билдирген кыргызстандык спортчулар сыйлык тапшыруу аземине катышуудан баш тартышкан.
Окуядан кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, болгон окуя эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерге таасир этпей турганын баса белгилеген.
2026-жылдагы Оюндардан кийин Казакстандын Туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов “боордош кыргыз элине меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн” ыраазычылык билдирди. Министрликтин баракчасында анын атынан жарыяланган билдирүүдө “казак жана кыргыз элдерин жалпы тарыхый тамырлар, жакын салттар жана руханий баалуулуктар бириктирери” айтылат.
Анын айтымында, мындай эл аралык мелдештер эки өлкөнүн спортчулары менен спорт тармагындагы адистеринин ортосундагы байланыштарды бекемдеп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Бул жолку көк бөрү мелдеши күйөрмандардын эч кандай билетсиз эле ат майданга агылып келгени менен дагы эсте калды. Көчмөндөр оюндарынын акыркы күнө коюлган көкбөрүнүн финалы Чолпон-Ата шаарындагы негизги ат майдандын этегинде жаңы ылайыкталган жерде өттү. Көп сандагы кишилер батпагандыктан билеттер күн мурун эле сатылып кеткен. Бирок болбой эле оюндарды көрүү үчүн келген күйөрмандар милиция кызматкерлеринин эскертүүсүнө карабай, тосмолорду бузуп, ат майданга кирип кетишкен.
Кийин оюндардын алып баруучулары келген бардык конокторду ат майданга киргизүү боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма бергенин жарыялашкан.
Кийин расмийлер көк бөрү жана көкпар оюндарына билет алып, бирок жайгаша албай калган жарандардын акчасы кайтарылып берилерин жарыялады.
"Ким биздин санарип тутум аркылуу билет сатып алган болсо, төлөм боюнча дүмүрчөктөрүн жана билеттин өзүн көрсөтүшү керек болот. Уюштуруу комитети тарабынан коюлган сумма - 1 миң сом кайтарылып берилет", - деди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маалымат жыйында.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
ДКО: Көк бөрү менен көкпардан Кыргызстан чемпион болду