Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды индексациялоо жөнүндө” токтомуна кол койду. Бул тууралуу МинКабдын сайты кабарлады.
Токтом президенттин быйыл 10-августтагы тиешелүү жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Токтомго ылайык, 1-октябрдан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 000 (он миң) сомдон көп эмес бекитилди. Пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 (сегиз миң сегиз жүз) сомдон аз болбойт деп белгиленди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев быйыл августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда 1-октябрдан тартып эң аз пенсия 8 800 сом болорун жарыялаган.
Кыргызстанда пенсия акыркы жолу 2025-жылдын 1-октябрында жогорулап, эң азы 7 100 сом болгон.
Кыргызстандын Конституциясынын 44-беренесине ылайык, “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам жашоо минимумунан төмөн болбошу керек”.
Улуттук статистикалык комитеттин 2026-жылдын экинчи кварталдагы эсеби боюнча Кыргызстанда жашоо минимуму 9 873 сом. Пенсия курагындагы адамдардыкы 8 720 сом деп көрсөтүлгөн.
Ушул жылдын апрель айындагы маалыматка ылайык, өлкөдө 815 миңден ашуун пенсионер бар. (ErN)