Трамптын чабармандары Киев менен Москваны кепке келтиреби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Киевде Владимир Зеленский менен сүйлөшүү өткөрдү. Ага чейин америкалык делегация Москвада Владимир Путин менен үч сааттан ашык жолуккан. Уиткофф эки баш калаадагы тең сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болгонун айтты. Бирок согушту токтотуу боюнча негизги талаштар, анын ичинде Донбасстын тагдыры чечиле элек.