Министрлер кабинети эт рыногу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды

Иллюстрация сүрөт.

Бүгүн, 8-сентябрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, отурумда азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы, быйылкы жылга 9 социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары боюнча баланстар жана 2027-жылга пландар каралды.

Ошондой эле ички жана тышкы тобокелдиктер, айрым товарлардын импорту, бааларды турукташтыруу, күйүүчү-майлоочу материалдар жана логистика, мамлекеттик резерв, калктын тамактануусу, Кеңешке караштуу илимий-изилдөө институтунун иши боюнча маселелер талкууланды.

Жыйынтыгында өлкөнүн 9 социалдык маанилүү азык-түлүк товары боюнча ыкчам аракеттенүү протоколдорун иштеп чыгуу, эт рыногуна байланыштуу ишти күчөтүү, цитрус өсүмдүктөрүн өнүктүрүүнүн өзүнчө системалуу сунушун даярдоо, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүнүн 2027–2031-жылдарга программасын иштеп чыгуу, азык-түлүк коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук базаны жаңылоо жана физиологиялык керектөө нормаларын тактоо тапшырмалары берилди.

Өлкөдө эт кымбаттап кеткендиктен 2025-жылдын 11-августунан тартып баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилип, белгилүү баа бекитилген. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары базарларда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт мындан кымбат сатылып жатканын жазып келишкен.

Кыргыз өкмөтү эттин баасын көзөмөлдөө үчүн бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга да убактылуу тыюу салган.

Быйыл августта бодо малды, жылкыны жана кой-эчкини экспорттоого тыюу салуу дагы алты айга узартылган. Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эттин баасын кармап туруу үчүн бул чара зарыл экенин белгилеген.

Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча илим изилдөө борбору 2024-жылы октябрда түзүлгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусия Германиянын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугун жабатБишкек мэриясы эл аралык иш-чараларды уюштурууга кеткен чыгымдарга аудит өткөрөтАлагөзов "Бишкек Аренаны" курууга 386 млн доллар сарпталганын билдирди