Улуу Британия кыш алдында Орусиянын соккуларынан коргонууга жардам берүү максатында Украинага 100 миллион фунт стерлинг өлчөмүндө аскердик жардам жөнөтөт. Бул тууралуу 8-сентябрда Улуу Британиянын Коргоо министрлиги жана анын жетекчиси Уэс Стритинг билдирди.
Абадан коргонуу ракеталары, ири калибрлүү артиллериялык снаряддар жана дрондор берилет. Киев акыркы мезгилде бир нече жолу сураган Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталар да бериле турган жардамдын ичинде бар экени өзгөчө белгиленүүдө. Курал-жарак PURL механизминин негизинде берилет, демек аларды Украинанын союздаштары АКШдан сатып алышат. Абадан коргонуу үчүн каралган ок-дарыларды Украинага кыш түшкөнгө чейин жеткирүү пландалып жатканы айтылууда.
"Премьер-министр дагы, мен дагы Киевге барган учурда ушул кышта Украинаны колдоо канчалык маанилүү экенин түшүнгөнбүз. Анткени Путин кышты курал катары колдонуп, энергетикалык жана жарандык объектилерге чабуул коюуну улантууда", - деп айтылды Стритингдин билдирүүсүндө.
Британ министри 8-сентябрда алгачкы жолу Украинаны коргоо маселеси боюнча "Рамштайн" форматындагы Байланыш тобунун жыйынын башкарды. Бул Украинага курал-жарак жеткирип, жардам көрсөтүп жаткан 50гө жакын өлкөнүн өкүлдөрүнүн 36-жолугушуусу. Бул формат 2022-жылдан бери иштеп келе жатат. Жакында эле Брюсселде өткөн НАТО - Украина кеңешинин жыйынында да курал-жарак менен камсыздоо маселеси талкууланган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-сентябрда Axios басылмасына курган маегинде Орусия өзгөчө кыш айларында инфраструктурага соккуларды күчөтүү менен Украинаны "сындырууга" аракет кылат деп билдирген. Ал өзүнүн союздаштарын абадан коргонуу системалары, айрыкча баллистикалык ракеталарды атып түшүрө алган системалар менен мүмкүн болушунча көбүрөөк камсыз кылууга чакырууда.
Улуу Британия Украинаны Patriot ракеталары менен камсыздоо жагынан жардам берет
Patriot абадан коргонуу системасы