Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцов Батыш өлкөлөрүн Евразиядагы "кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатат" деп айыптады. Анын айтымында, Батыш Ооганстандан тарай турган коркунучтарга каршы күрөшүү деген жүйө менен Борбор Азия өлкөлөрүндө аскердик инфраструктурасын жайгаштырууну көздөйт.
«Интерфакс» агенттиги Шевцов Батыштын максаты "аймактагы ресурстарды жана логистикалык жолдорду көзөмөлдөө" деп айтканын кабарлады.
Мисал катары ал Армениядагы «Трамп маршрутун» атап, бул келишим Кошмо Штаттарга Ирандын чек арасына жакын жерде чалгындоо, балким, аскердик инфраструктурасын жайгаштырууга мүмкүндүк бериши ыктымал деп айтты.
Орусиялык аткаминер бул билдирүүсүн ырастаган көз карандысыз далилдерди келтирген жок.
Шевцов 2025-жылы НАТО өлкөлөрү 100дөн ашык аскердик машыгуу өткөргөнүн, алардын көбү альянстын чыгыш канатында болгонун кошумчалады. Анын ырасташынча, машыгуулардын жүрүшүндө чабуул коюу аракеттери да иштелип чыккан. НАТО өзүнүн аскердик иш-чаралары коргонуу мүнөзүндө экенин бир нече жолу билдирген.
Шевцов Жамааттык коопсуздук келишим уюмун жана Шанхай кызматташтык уюмун аймактык коопсуздуктун негизги механизмдери деп атады. Анын айтымында, бул уюмдар Евразиядагы «тең жана бекем коопсуздуктун» жаңы түзүмүн калыптандырууга негиз болушу керек.
ЖККУга Борбор Азиядагы үч мамлекет: Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө. ШКУга бул үч өлкөдөн тышкары Өзбекстан да кирет.
Орусия тышкы саясатында тең салмактуулукту сактап, Кытай жана Батыш баштаган башка ири күчтөр менен мамиле түзүүгө аракет кылган Борбор Азияда олуттуу геосаясий жана экономикалык таасирин сактап келет.
Шерине