Венгриянын бийлиги Будапешттеги Орусиянын дипломатиялык миссиясынын он кызматкерин өлкөдөн чыгарууда. Бул тууралуу 8-сентябрда Венгриянын тышкы иштер министри Анита Орбан билдирди. Анын айтымында, ТИМ "Венгрия бийлигинин баамында, Орусиянын дипмиссияларынын он кызматкери Венгрияда Вена конвенциясына ылайык дипломатиялык макамга туура келбеген иш-аракеттерди жүргүзгөнүн" Орусиянын Будапешттеги элчисине кабарлаган.
Орбан ысымдары жана кызматтары ачык айтылбаган адамдардын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылуу "Венгриянын коопсуздугун жана эгемендигин камсыздоого багытталганын", бирок бул Орусия менен дипломатиялык мамилелердин үзүлүшүн билдирбей турганын баса белгиледи.
"Венгрия өз ара урматтоого жана белгиленген эрежелерди сактоого негизделген зарыл диалогду улантууну көздөйт", - деп жазды министр.
Украинадагы согуш жана Орусия менен Евробиримдиктин ортосундагы мамиленин курчушунун фонунда Европа өлкөлөрү орусиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгарып, консулдуктарын жана өкүлчүлүктөрүн жапкан учурлар болду. Ушундай эле аракетти Орусия дагы жасап жатат.
Венгрия буга чейинки өкмөт Виктор Орбандын тушунда мындай кадамдардан карманган. Орбан бийликте турган учурда акыркы жолу 2018-жылы орусиялык дипломат Будапешттен чыгарылган.
Венгрия дароо 10 кызматкерди өлкөдөн чыгарууга эмне себеп болгонун ачыктаган жок.
Май айында Петер Мадяр жетектеген жаңы өкмөт бийликке келгенден кийин Венгрия Орусияны Украинага жасаган соккулары үчүн сындай баштады жана Евробиримдиктин санкциялык пакеттерине бөгөт коюуну токтотту. Анткен менен Будапешт Украинага курал-жарак берүүнү дагы деле уланта элек.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Венгриянын орусиялык 10 дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимине карата жооп катуу жана оор болорун билдирди. Ал Венгриянын мындай кадамдарын "Будапешттеги русофобиялык лобби" менен байланыштырды.