Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:36

УКМК Ошто медициналык коллежде коррупциялык схема аныкталганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаарында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык коллежде коррупциялык схема аныкталганын 9-сентябрда кабарлады.

Маалыматта "коллеждин кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү Л.Д.М. абитуриенттерди бюджеттик негизде окууга кабыл алуу боюнча оң жана ыкчам чечимдерди чыгаруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алып келгени" айтылат.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ага катыштыгы бар башка дагы адамдарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК жалпы канча каражат тууралуу сөз болуп жатканын ачыктаган эмес.

Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

Жакында эле атайын кызмат Жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) өмүрүнүн акырына чейин соттолгондор жаза өтөгөн №19 мекеменин жетекчисин (1982-жылы туулган аскер кызматынын майору Ж.М.Ж.)жана 1 млн сом пара алууга шектелген Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызмат адамдарын кармаган.

Быйыл 10-февралда Transparency International эл аралык уюму "Коррупцияны кабылдоо индексин" жарыялады. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 26 упай менен 142-орунга жайгаштырылды. Өткөн жылкы баяндамада (2024-жылдын жыйынтыгы) Кыргызстан 25 упай менен 146-сапта болчу. Отчетто 182 мамлекетте жана аймактардагы паракорлук көрүнүштөрү изилденген.

Уюмдун методологиясы боюнча баалоо шкаласы 0дөн 100гө чейинки упай менен өлчөнөт. Берилген упайы канчалык төмөн болсо коррупциянын деңгээли ошончолук жогору деп эсептелет. Ал эми упайлары 100гө карай жогору болгон өлкөлөрдө коррупциянын көрсөткүчү төмөн экенин билдирет.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG