11-сентябрдын аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 15…20°, күндүз 31…36°.

Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 11…16°, күндүз 30…35°.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 16…21°, күндүз 31…36°.

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 8…13°, күндүз 22…27°.

Нарын облусунда: түнкүсүн 5…10°, күндүз 25…30°.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 33…35° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 9-сентябрда күндүз 21,4°, ал эми 10-сентябрда эртең менен 20,3° болду.

Дагы караңыз

Журналист Махабат Тажибек кызы сотто сурак берүүдөн баш тарттыАбактагы Султанбеков президентке кайрылып, сотту ачык өткөрүүгө чакырдыМолдовада Зеленскийдин учагына "дрон тийип кете жаздаганы" кабарланды"Кыйноо жазасыз калып, ырайымсыздык күчөөдө". Жабык жайлардагы жагдай