Молдовадан Норвегиянын борбору Ослого учуп баратканда Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин учагына дрон "тийип кете жаздады". Бул тууралуу Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере журналисттерге билдиргенин норвегиялык NRK телерадиокомпаниясынын сайты билдирди.
Зеленский Ослого 8-сентябрда Норвегиянын падышасы Харальд Vнин тажыясына катышуу үчүн барган.
Ал Ослодо Стере жана каржы министри, НАТОнун мурдагы башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолукту.
Зеленскийдин кеңсеси норвегиялык телеканалдын бул окуя тууралуу суроосуна жооп берген жок.
Молдованын Коргоо министрлиги Орусиянын "Шахед" үлгүсүндөгү дрондорунун бири өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, Михайлены калктуу конушунун жанына кулаганын билдирди.
Аба мейкиндигин бузган окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20 чамасында болгон, эч ким жабыркаган жок.
Шерине