Кыргызстандын Коргоо министрлиги өлкөдөн Орусияга аскердик техника ташылып жатканы тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди. Министрлик бул кабарлар менен кошо таратылган видеотасма Кыргызстанда тартылбаганын белгиледи.
Аталган мекеме тасмада көрсөтүлгөн темир жол инфратүзүмү, электрлештирилген темир жол каттамдар Кыргызстандагы темир жол тармагына дал келбей турганын белгилөөдө.
Министрлик видеонун так качан же кайсы жерде тартылганын тактаган жок.
Кыргызстандан каз катар тизилген аскердик техника чыгарылып жатканы айтылган видео 8-сентябрда социалдык тармактарга жарыяланган. Анда техника Кыргызстандан Орусияга жөнөтүлүп жатканы тууралуу айтылган. Видеонун авторлору ал кайдан тартылганын ачыктаган эмес жана "Кыргызстанда советтик аскердик техника жүктөлгөн поезд" байкалганын кабарлаган. (КЕ)
Кыргызстан Орусияга аскер техникасы ташылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү
Дагы караңыз
Шерине