Бүгүн, 9-сентябрда Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановго козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү өтүп, ал сот залынан бошотулду. Сот Измир шаарында өттү жана ага мекенине кайтууга уруксат берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” жубайы Аделина Касымова билдирип, жолдошу 1-2 күндө Кыргызстанга кайтарын кошумчалады.
Сот Сабыржановго карата кандай чечим чыгарганы азырынча белгисиз.
Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалганы быйыл 4-июнда белгилүү болгон.
34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Түркиянын Анкара шаарында 22-майда кармалып, суракка алынган, 23-майда камалган. Ал Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан укук коргоо кызматкерлери кармаган. Ал үй-бүлөсү менен Түндүк Кипрге эс алганы баратканда кармалган.
Сабыржанов Анкарадагы “Синжан” абагында жатканы айтылган.
Баштапкы маалымат боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жатат. Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган.
2025-жылдын апрель айында кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу да ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланышы бар деген негизде кармалып, былтыр декабрь айында Кыргызстанга кайтып келген. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин анын Кыргызстанга чыгып кетишине уруксат берилген.
2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу 300дөн ашык адам набыт болгон. Режеп Тайып Эрдоган башында турган түрк бийлиги бул төңкөрүш аракети үчүн диний аалым Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) деп жарыялаган.
Эрдогандын мурдагы санаалашы, өнөктөшү Фетхулла Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон. (КЕ)
Шерине