Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койгону 9-сентябрда маалымдалды. Ага ылайык, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ондогон адам сыйланды.
"Ынтымак ордо" сыйлык алгандардын тизмесин жарыялады. Алардын арасында бир катар аткаминерлер, коомдук, маданият ишмерлери, дарыгерлер жана педагогдор бар.
Ырчы, аткаруучу жана обончу Рысбай Абдыкадыровго (каза болгондон кийин), Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору, композитор Муратбек Бегалиевге, Талас районундагы Нанаев Касымкул атындагы Арал жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бектур Исаковго, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү, мурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын биринчи категориядагы артисти Темирлан Сманбеков, театр жана кино актеру Болот Тентимишов, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын драма артисти Самидахан Халматов, театр режиссеру, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев жана Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Боромбай Кулахматовго Эл артисти наамы берилди.
III даражадагы "Манас" ордени Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго ыйгарылса, Жеңишгүл Өзүбекова Эл жазуучусу, Атантай Акбаров Эл акыны, Сатар Айтиев Эл сүрөтчүcү наамын алышты.
Акын Анатай Өмүрканов менен ырчы Саламатхан Садыковага "Кыргызстандын сыймыгы" ардак наамы берилди.
Быйыл биринчи жолу "Кыргызстандын жаратманы" наамы ыйгарылып, ал мамлекеттик ишмер Таштанбек Акматовго, EnsiliTech британиялык биотехнологиялык стартапынын тең уюмдаштыруучусу, Бат университетинин химия профессору Асел Сартбаевага ыйгарылды.
Президенттин жарлыгына ылайык, "Эрдик" орденин, "Ардак" медалын алгандар дагы бар.
Быйыл апрелде президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый акылар жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзамда мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын мурдагы 46 түрү кыскартылып, 22ге түшүрүлгөн.
"Эрдик" ордени биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлык болуп бекитилген, даражалары алынган. "Ардак" медалы экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлык болуп саналат.
Андан тышкары "Кыргыз Республикасынын жаратманы" жана "Кыргыз Республикасынын сыймыгы" ардак наамдары кошулган. (КЕ)
Шерине