Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:35

БШК шайлоо округдары менен тилкелердин чек арасын жаңыртты

Боршайком имараты.
Боршайком имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2025-жылдын 28-июлундагы №41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт.

Боршайкомдун маалыматына караганда, бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжал пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын жыштыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.

Президент Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн. Садыр Жапаров келерки президенттик шайлоого катышарын, бардык талапкерлерге шарт түзүлө турганын айткан.

Шайлоонун датасын Жогорку Кеңеш 16-17-сентябрларда белгилей турганы күтүлүүдө. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG