Президент Садыр Жапаров "элдин сезимине тийген маселелерди атайылап курчутуп, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу аркылуу саясий упай топтоого" жол берилбей турганын кайталады. Бул тууралуу мамлекет башчы 9-сентябрда Жогорку Кеңеште кыргызстандыктарга кайрылуусунда билдирди.
Мамлекет башчы коомдо пикир жараткан саясатчылар, эксперттер, журналисттер менен блогерлерди айткан сөздүн артындагы жоопкерчилик дагы бар экенин эстен чыгарбоого чакырды.
Коомдо ар дайым талкуулоону талап кылган маселелер болорун белгилеген Жапаров пикир келишпестикти кастыкка, талкууну тирешүүгө, ар түрдүү маселелерди коомду бөлүп-жаруучу куралга айлантууга эч кимдин укугу жок экенин кошумчалады.
"Айрыкча коомдук таасири бар адамдар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, айрым депутаттар, эксперттер, коомдук лидерлер, журналисттер жана блогерлер ар бир айтылган сөздүн артында коом алдындагы жоопкерчилик турарын унутпаш керек. Элдин сезимине тийген маселелерди атайылап курчутуп, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу аркылуу саясий упай топтоого жол бербешибиз керек”, - деди Жапаров.
Президент элди "коомдогу кемчиликтерди издөө жана бөлүп-жарууга багытталган чагымчыл ой-пикирлерге алдырбоого" чакырды.
Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөрдү далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыккандарды колдой турганын билдирди.
9-сентябрда жаңы дайындалган министрлер парламентте ант беришти. Ага президент дагы катышып, соңунда сөз сүйлөп, кыргызстандыктарга кайрылды. Жапаров өлкөнүн эл аралык аброю өсүп, дүйнө Кыргызстанга ишеним артып жатканын белгиледи.
Буга чейин International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму жаңы баяндамасын жарыялап, Кыргызстанда жарандык эркиндик чектелүү экенин белгилеген. Уюм УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга кысым уланып жатканына көңүл бурган.
Баяндамада Камчыбек Ташиев кызматта турганда сөз эркиндигин муунтуу өнөктүгүн жетектегени, анын тушунда бир катар жарандык активисттер, журналисттер, коомдук жана саясий ишмерлер камакка алынганы айтылды.
IPHR уюму Ташиев кызматтан кеткенден кийин Кыргызстанда жарандык эркиндиктин абалы жакшырат деген үмүт акталбаганына токтолду. (КЕ)
Шерине