Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп, өлкөгө болгон кызыгуу жана ишеним артып жатканын 9-сентябрда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Жапаров буга мисал катары жакында өткөн ири эл аралык иш-чараларды, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мааракелик саммитин, Кытайдын төрагасынын мамлекеттик сапарын, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын атады.
"Булар Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп, дүйнөлүк жана регионалдык процесстердеги орду бекемделип жатканынын ачык көрсөткүчү десек болот. 2025-2026-жылдардагы Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы көп тараптуу дипломатиябыз үчүн маанилүү этап болду... Акыркы жылдардагы башкы жетишкендиктердин бири өлкөбүздүн экономикалык пайдубалынын бекемделиши болду. Соңку төрт жылда экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 10,2% түзүп, туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул жыйынтыкты 2026-жылдын көрсөткүчтөрү дагы ырастап турат. Жети айдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүү темпи 11,1% түздү. Бул Борбор Азияда эле эмес, дүйнөдөгү эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бири. Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда ыкчам иш-аракеттерибиз менен алдыга баратабыз", - деди Жапаров.
Мамлекет башчы астыда чоң максаттар турганын, Кыргызстанды күчтүү экономикасы бар, инфратүзүмү өнүккөн, сапаттуу билим алууга, эмгектенүүгө, ишкердик жүргүзүүгө жана татыктуу жашоого мүмкүнчүлүк түзгөн мамлекетке айлантуу ар бир жарандын жалпы милдети экенин кошумчалады. Бул үчүн бийликтин бардык бутагы конструктивдүү кызматташканда гана мамлекет алдыга жыла турганын белгиледи.
Жапаров парламенттин трибунасында кыргызстандыктарга кайрылып, "Кыргызстан өткөн тарыхында саясий тирешүүлөрдүн, коомдук бөлүнүүнүн жана туруксуздуктун азабын көп тартканын" белгиледи. Ал жер, тил, экономика, маданият, тарых жана аймактык курч темалар боюнча ар кандай көз караштарды коомду бөлүп-жаруучу куралга айлантууга жол бербөөгө чакырды.
9-сентябрда Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган министрлер, өкмөт өкүлдөрү ант беришти.
Кыргызстанда инфляциянын деңгээли өсүүдө. Улуттук банктын эсебинде май айына карата расмий инфляциянын көрсөткүчү 10,9% жетти. Азык-түлүк баасы менен кызмат көрсөтүүнүн акысы кескин өстү. Ошол эле маалда күйүүчү май 100 сомдон ашты.
Кыргызстандагы инфляциянын көрсөткүчү Борбор Азия чөлкөмү боюнча эң жогору болуп, такай өсүү жолунда баратканы менен айырмаланат. Апрель-май айына карата инфляциянын көрсөткүчү Кыргызстанда 11,4% болсо, Казакстанда 10,6%, Өзбекстанда 7%, ал эми Тажикстанда 3,5% болууда. (КЕ)
Шерине