Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:35

Жогорку Кеңеште жаңы министрлер ант берди

Жогорку Кеңеш, 9-сентбярь. 2026
Жогорку Кеңеш, 9-сентбярь. 2026

Бүгүн, 9-сентябрда, жаңы дайындалган министрлер, өкмөт мүчөлөрү кызматка киришер алдында Жогорку Кеңеште ант берди. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышты.

Ант берген жетекчилер:

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов;

- Финансы министри Руслан Сүйүналиев,

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев;

- Энергетика министри Алтынбек Рысбеков;

- Юстиция министри Алмаз Айылчиев;

-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Максат Асаналиев.

Мунун алдында парламент Алмаз Имангазиев менен Алмаз Айылчиевди министр кызматына, Малик Бектургановду башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук берген.

Аты аталган жетекчилердин бир тобу буга чейин дайындалып, парламент жайкы каникулда болгону үчүн ант бере элек болчу. (КЕ)


Шерине

XS
SM
MD
LG