Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

"75чилер каты": Сотто жарыш сөз башталды, өкүм чыгышы күтүлүүдө

“75чилер каты” боюнча буга чейинки соттук отурум. Айыпталуучулар Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу.
“75чилер каты” боюнча буга чейинки соттук отурум. Айыпталуучулар Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу.

Бүгүн, 10-сентябрда, Бишкек шаардык сотунда “75чилер каты” боюнча соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды. Бул күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев, экс-депутат Курманбек Дыйканбаев жактоочулары менен чогуу жарыш сөзгө чыгат. Кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилет.

"Биз мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз, мыйзам бизди коргойт. Жөн эле жалаа жабууга, адилетсиздикке жол бербейт деп ойлойм. 75 кишинин ниети түз болгон. Мен, мисалы, Садыр Жапаровду колдоп кол койгом, кол койгон үчүн тогуз жылга кескени адилетсиздик деп эсептейм. Конституциялык укук менен пайдаланып Жогорку Кеңешке жана спикерге кайрылганбыз. Кыркка жакын адам келип көрсөтмө беришти, алардын баары бул мыйзамдуу, ал жерде жаман сөз болгон эмес деп айтышты. Бийликти басып алуу деген сөз жок ал жерде", - деди Дыйканабев.

7-сентябрдагы отурумда прокурорлор соттон айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.

Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробациялык жаза берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.

Райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек сотуна прокуратура да, айыпталуучулар да апелляциялык арыз берип, иш шаардык сотто каралууда.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

Садыр Жапаров маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Ташиев күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

“75чилер каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан. (КЕ/DSh)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG