"75чилер каты": Адвокат Жогорку сотко арыз берилерин айтты

Курманкул Зулушев сот залында. Архив.

Бишкек шаар сотунун өкүмүнө карата мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин адвокаты Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылат. Бул тууралуу адвокат Жоомарт Аширбаев бүгүн, 10-сентябрда шаардык соттун чечиминен кийин "Азаттыкка" билдирди.

"Айыпталуучуларга тергөө тарабынан коюлган "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча коюлган айып далилденген жок. Соттун оор беренелерден 195-беренеге өткөнү - тергөө негизсиз жана далилсиз айып койгонун ачыктады. Азыр эле соттун өкүмү окулгандан кийин мен Курманкул Зулушев менен сүйлөштүм. Биз өкүм боюнча Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылабыз", - деди адвокат.

Бишкек соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулуу иш боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмаштырылды. Сот айыпталуучуларды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскартты.

Сот өкүмүн чыгарып жатканда журналисттер киргизилген жок. Соттун басма сөз кызматы сүрөт, видео тартуу маселесин ишти карап жаткан соттук коллегия чече турганын билдирди.

7-сентябрдагы отурумда прокурорлор соттон айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган. (ZKo/DSh)

Дагы караңыз

Адвокат: "75чилер каты" боюнча жаңы чечимде мүлктү конфискациялоо талабы жок"75чилер каты": Шаардык соттун өкүмү чыкты, берене алмашып, пробация мөөнөтү кыскарды"75чилер каты": Чечим окулган учурда залга журналисттер киргизилген жокМайыптыгы барларды караган ассистенттин кызмат акысын төлөө тартиби өзгөрдү