Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Майыптыгы барларды караган ассистенттин кызмат акысын төлөө тартиби өзгөрдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда майыптыгы бар бир үй-бүлөдө эки же андан көп адамды караган ассистенттин кызмат акысын төлөө тартиби өзгөртүлдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, өзгөрүү 1-сентябрдан кирди.

Ага ылайык, ушул айдан тартып бир үй-бүлөдөгү майыптыгы бар эки же андан көп адамга бир убакта кам көргөн жеке ассистентке ар бир кызмат алуучу (майыптыгы бар) адам үчүн толук өлчөмдө акы төлөнөт.

Министрлер кабинети 3-августта майыптыгы бар, туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж балдарга, бала чагынан I топтогу майыптыгы барларга кызмат көрсөтүүчү жеке ассистенттерге - ата-энелерге, мыйзамдуу өкүлдөргө, жакын туугандарга жана башка адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн тартибин жөнгө салуу, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан кам көрүү кызматынын сапатын жакшыртуу максатында токтом кабыл алган. Ага ылайык, 1-сентябрдан тартып бир жеке ассистент бир үй-бүлөдөн эки же андан көп майыптыгы бар адамга бир убакта кам көргөн учурда, ар бир адам үчүн толук өлчөмдө акы төлөнөт.

Мындан тышкары, туруктуу кароочуга муктаж адамдарга жергиликтүү бийликтен социалдык паспорт алуу талабы алынып салынды. Себеби жеке ассистенттин кызматы майыптыгы бар баланын же адамдын үй-бүлөсүнүн кирешесине карабастан дайындалат.

1-сентябрга карата жеке ассистенттин айлык акысы 8 697 сом. Министрлик бул өлкөдөгү жан башына эсептелген орточо жашоо минимумунун өлчөмүнө барабар экенин белгиледи.

"Жеке ассистент" кызматы 2019-жылдан баштап бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлөт. Башында мамлекет аларга 4900 сом төлөп берсе, 2022-жылы бул сумма 6268 сомгө көтөрүлгөн. 2024-жылдын 1-июлунан тартып көмөкчүлөргө ай сайын 7 681 сом төлөнүп келе жаткан.

Бүгүнкү күндө жеке ассистенттин кызматынан 15 миңге чукул адам пайдаланууда. Алардын ичинен 9,5 миңи майыптыгы бар балдар, 5,5 миңи бала чагынан бери 1-топтогу майыптыгы бар чоң адамдар.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG