Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

"75чилер каты": Шаардык сот айыпталуучуларды 9 жылга кесеби?

“75чилер каты” боюнча буга чейинки соттук отурум. Айыпталуучулар Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу.
“75чилер каты” боюнча буга чейинки соттук отурум. Айыпталуучулар Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу.

"75чилер каты" боюнча козголгон кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралып бүтүүдө. Сотто айыпталуучулар жарыш сөзгө чыгып, өкүм чыгышы күтүлүүдө.

Жарыш сөз

Бүгүн, 10-сентябрда, Бишкек шаардык сотунда “75чилер каты” боюнча соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды. Түшкү тыныгууга чейинки отурумда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы элчи жана экс-министр Эмилбек Узакбаев, экс-депутат Курманбек Дыйканбаев жактоочулары менен чогуу жарыш сөзгө чыгышты.

Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") жана 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен козголгон кылмыш иши шаардык сотто апелляциялык негизде каралууда.

Жашыруун грифи коюлган бул иш боюнча бүгүн чечим чыгышы ыктымал деп күтүлүүдө.

Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал өзү да, жактоосундагы мурдагы төрага дагы иш негизсиз козголгонун айтканын билдирди:

Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

"Ал (Ташиев - ред.) күнөөсү жок экенин, эч нерсе кылбаганын айтты. Судьянын бир гана шансы бар - мыйзамдуу чечим кабыл алуу. Андан башка шансы болбойт. Ал (Ташиев - ред.) сөзсүз акталарын, азыр болбосо кийин сөзсүз акталарын айтты. Мен өз сөзүмдө тергөө кызматтары, бул ишти караган бардык тергөөчүлөр, ишке көзөмөл жүргүзгөн бардык прокурорлор жана биринчи инстанциядагы төрагалык кылган судья баары биздин жактообуздагыларды негизсиз жоопко тартканы үчүн жооп бериши керектигин айттым. Эртеби, кечпи, баары жооп беришет. Анткени бул иш - фальсификация. Аларды жоопко тартууга эч кандай негиз болгон эмес. Жада калса айыптоо актысынын өзүндө эч нерсе жок. Ал жерде 75 кишинин каты тууралуу гана сүрөттөө. Аны ким түзгөнү, кимге кол койдурушканы, таратканы жөнүндө. Болду, андан башка эч нерсе жок".

Мурдагы вице-премьер жана парламенттин экс-депутаты Аалы Карашев да бул иште айыпталуучулардын бири. Ал сот адилеттигине ишенерин айтууда:

"Бизде акыйкаттык жана адилеттик деген чоң ишенич бар. Сот коллегиясы туура чечим кабыл алат деген үмүтүбүз бар".

7-сентябрдагы отурумда мамлекеттик айыптоочулар соттон баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураганын адвокат Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирген.

Башкы көзөмөл органы "75чилер каты" боюнча иш негиздүү экенин билдирүүдө. 9-сентябрда башкы прокурор Малик Бектурганов маалымат каражаттарына маегинде тергөө ар тараптуу жүргүзүлгөнүн айтты. Ал тогуз жыл деген жаза мөөнөтү ошонун негизинде суралганын белгилеп, "Кылмыштын беренелерине жараша сурап жатабыз да. Биздин позициябыз бир эле" деди.

Быйыл 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.

Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган. Райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна прокуратура жана шектүүлөр да апелляциялык арыз берип, иш шаардык сотто каралууда.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

Садыр Жапаров маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген. “75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан.

Президент Жапаров коомдо дагы эле саясий туруксуздук уюштурууну каалагандар бар экенин 9-сентябрда Жогорку Кеңешке баргандагы кайрылуусунда белгиледи. Президент коомчулукту туура эмес маалымат тараткандарга ишенбөөгө, аларды ээрчип кетпөөгө чакырды. Мамлекет башчынын мындай риторикасын буга чейинки билдирүүлөрүнөн да табууга болот.

Коомдогу талкуу

Райондук соттун 2-июлдагы өкүмүн коюлган беренелер оор кылмыш экенине карабай, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган айыпталуучулардын эркиндикте калышын саясий чечим катары мүнөздөгөндөр болгон.

Айрым юристтер соттун чечими көп суроо жаратканын белгилеп, пробация жазасынын чегерилишин мыйзамсыз деп жатышат. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова коюлган эки айыптын биринин алынып калганы боюнча талдоосу менен бөлүшкөн:

“Бул жерде дагы берене – кызмат абалын кыянат пайдалануу деген айып бар. Анда булар ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүп, бийликти басып алалы деген деп жатышат. Бирок сот мындай аракет болгон эмес деп бул берене боюнча актап жатат. Эгер мындай аракет болбосо, кызмат абалын кыянат пайдаланбаса, анда булар кантип мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө аракет жасашты? Бул бири-бирине байланышкан аракет болгону үчүн бир беренеде кылмыш жок деп белгиленгенден кийин ага байланышкан аракетте да кылмыш болбошу керек эле. Бул жерде тескерисинче кылып, бийликти күч менен басып алуу аракети болгон эмес, бирок кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган десе, окшошмок. Дагы бир маселе, юристтер пробация боюнча айтып жатышат. Мындай кылмыштарга пробация колдонулбайт, мүмкүн да эмес”.

Бишкектин Биринчи май райондук соту пробациялык көзөмөл боюнча мындай түшүндүрмө берген:

“Сот бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде каралган кылмыш аягына чыкпаганын, болгону аны жасоого даярдык көрүлгөнүн эске алуу менен пробациялык көзөмөлдү колдонду. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесине ылайык, кылмышка даярдык көрүү кылмыш аракеттин өз алдынча стадиясы болуп саналат жана кылмыш өзү аягына чыкпаганы менен, аны жасоо үчүн шарттарды түзүүнү билдирет. Ошондуктан, жаза дайындоодо сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренесин жетекчиликке алды. Бул берене кылмыштуу ниеттин канчалык деңгээлде ишке ашканын, кылмыштын эмне себептен аягына чыкпай калганын жана иш жүзүндө жасалган аракеттердин мүнөзүн милдеттүү түрдө эске алууну талап кылат”.

Ички иштер министрлиги козгогон кылмыш иши 18-майда сотто карала баштаган.

"75чилердин иши": Сот өкүмүнүн укуктук жана саясий баасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:56:51 0:00

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Конституцияны бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер") өзгөчө оор кылмыш болуп саналат. Бул берене менен күнөөлүү деп табылгандар мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен айыптуу деп табылган учурда 3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG