Мирзиёев кызы Саиданы Эл аралык каржы борборуна башкаруучу кылып дайындады

Саида Мирзиёева

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саида Мирзиёева Ташкенттеги Эл аралык каржы борборун жетектейт. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы кол койгонун анын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Саида Мирзиёева жаңы кызматын Президенттик администрациянын жетекчилиги менен катар алып барат. Шавкат Мирзиёев 14-августта кол койгон мыйзамга ылайык, администрацияны жетектеген президенттин кызы Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары да болгон. Ошондой эле ал кеңири кол тийбестик укугуна ээ болгон.

Эксперттердин айтымында, президент кызынын таасирин күчөтүп жатканы атасы кандайдыр бир себептерден улам бийликтен кетип калса, анын ордун бекемдөөгө багытталган аракет болушу мүмкүн. Жаңы мыйзамга ылайык, Мирзиёева кеңири ыйгарым укуктарга жана күч түзүмдөрүнө түздөн-түз таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Дагы караңыз

Reuters: Рязандагы мунай заводу украин дрон чабуулунан кийин ишин токтотту "75чилер каты": Адвокат Жогорку сотко арыз берилерин айттыАдвокат: "75чилер каты" боюнча жаңы чечимде мүлктү конфискациялоо талабы жок"75чилер каты": Шаардык соттун өкүмү чыкты, берене алмашып, пробация мөөнөтү кыскардыМайыптыгы барларды караган ассистенттин кызмат акысын төлөө тартиби өзгөрдүАбактагы Султанбеков президентке кайрылып, сотту ачык өткөрүүгө чакырды