Орусиянын соккусунан Павлоградда жети өмүр кыйылды, ондогон адам жараат алды

Павлоград 10-сентябрь, 2026

Орусиянын Украинанын Днепропетровск облусуна жасаган чабуулунан Павлоград шаарында каза болгондордун саны жетиге жетти. 70тен ашуун киши жараат алды, алардын сегизи балдар. Буга чейин төрт киши каза болуп, 60тай адам жараат алганы кабарланган. Бул тууралуу облустун жетекчиси Александр Ганжа билдирди.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, "Гулливер" соода борборуна сокку урулган. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматы дүкөндөр, соода жайлары жана автоунаа күйгөнүн кабарлады. Өрттү өчүрүү учурунда эки куткаруучу жараат алып, ооруканага жаткырылды.

Украинанын Улуттук полициясынын башчысы Иван Выговский Орусия соңку убакта азык-түлүк кампаларына, конуштарга, поезддерге жана соода борборлоруна соккуларын күчөткөнүн айтты. Анын белгилешинче, жыл башынан бери бул аймакка 18 миңден ашуун дрон менен сокку урулду.

Орусия Павлограддагы чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Таласта Кыргызстандын Эгемендик күнү расмий белгилене баштадыУнааны эвакуациялоо тартибин өзгөртүү сунушталуудаМирзиёев кызы Саиданы Эл аралык каржы борборуна башкаруучу кылып дайындады Reuters: Рязандагы мунай заводу украин дрон чабуулунан кийин ишин токтотту