Кыргызстандын жарандары Таиландда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алат

Пхукет, Таиланд

Кыргызстандын жарандары ушул жылдын 15-сентябрынан тартып Таиландга туристтик максатта 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз кире алат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, визасыз кирүү Кыргызстандын жарактуу жалпы жарандык паспорту менен жүзөгө ашырылат. Таиландга учак же унаа менен кирген жарандар визасыз режимди календардык жыл ичинде эки жолудан ашык пайдалана алышпайт.

Таиландга ар бир кирүүдө иммиграциялык көзөмөлдөн милдеттүү түрдө өтүү талап кылынат. Визасыз кирүү укугунун болушу өлкөгө тоскоолдуксуз кирүүгө кепилдик бербейт. Өлкөгө киргизүү боюнча акыркы чечимди Таиланддын компетенттүү иммиграция органдары кабыл алат.

Сапарга чыгуудан мурда жарандар Таиланддын расмий электрондук кызматы аркылуу Thailand Digital Arrival Card (TDAC) формасын толтурууга тийиш (https://tdac.immigration.go.th/arrival-card/#/home).

Таиландга кирүүдө жарандардан тийиштүү документтер талап кылынат. Бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык визаны алдын ала тариздөө зарыл.

Буга чейин Кытай тарап Кыргызстандын жарандарына Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берген. Муну менен кыргызстандыктар визалык төлөм төлөө, виза алуу үчүн документ топтоо жана консулдук мекемелерге кайрылуу түйшүгүнөн бошотулат. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкектен Хайнань аралына түз аба каттамын ачуу маселеси талкууландыЙемендик хуситтер Моха портун басып алып, Баб-эл-Мандебге чабуул коюудаАбактагы Султанбеков президентке кайрылып, сотту ачык өткөрүүгө чакырдыОрусиянын соккусунан Павлоградда жети өмүр кыйылды, ондогон адам жараат алды