Талас облусуна 2024-2026-жылдары республикалык бюджеттен, Турукташтыруу фондунан жана башка булактардан 11 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Таласта өткөн Эгемендиктин 35 жылдык мааракесинде айтты.
Ал каражаттар Талас облусунда "Баластан" көңүл ачуучу борборуна, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун институтунун жаңы окуу корпусуна жана "Акылман" президенттик лицейине жумшалганын санап өттү.
"Бул каражаттар келечекке салым. Бул окуу жайларда сапаттуу билим алган балдар эртең Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошот", - деди Жапаров.
Аймактын экономикасы тууралуу айтып жатып Жапаров айыл чарбасын, кайра иштетүү, экспорт, туризм жана соода артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.
Талас облусунда 2021-жылы Жерүй кени иштей баштаган. 2022-жылы өкмөт облустагы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылганын билдирген.