Иран АКШ базасына урулган соккудан кийин Кытайдын спутник сүрөттөрүн колдонгону маалымдалды

Дональд Трамп АКШнын курман болгон аскер кызматкерлерин тосуп алуу иш-чарасында.

Иран Иорданиядагы АКШнын Муваффак-Салти авиабазасына ракета менен сокку урар алдында жана андан кийин тартылган жогорку тактыктагы спутник сүрөттөрүн Кытайдан июль айында алган. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазды.

17-июлда Иран аталган аскер базасына баллистикалык ракеталар менен чабуул жасаган. Чабуулдардын бири америкалык аскер кызматкерлери жайгашкан имаратка тийип, үч жоокер каза болгон, дагы төртөө жараат алган.

WSJ жазгандай, бул окуя АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Бээжинге бир нече ай бою кытайлык компаниялар Иранга спутник сүрөттөрүн берип жатышы мүмкүн экенин эскерткенден кийин болгон. Май айында АКШ Кытайдын MizarVision, Earth Eye жана Chang Guang компанияларына санкция салган.

Чабуулдан кийин Иран базага келтирилген зыянды көрсөткөн жогорку сапаттагы сүрөттөрдү жарыялаган. Басылманын булактарынын айтымында, Вашингтон Бээжинге бул сүрөттөрдүн Иранга берилген спутник маалыматтары менен байланышы болушу мүмкүн экенин көрсөткөн материалдарды тапшырган.

Бирок Кытай бул дооматтарды четке кагып, тиешелүү далилдерди көрсөтүүнү талап кылган. WSJнын булактары сүрөттөрдү берген компаниялардын атын атаган эмес жана Кытай бийлиги маалыматтарды түздөн-түз өткөрүп бергенин да ырастаган эмес.

Вашингтондогу Кытай элчилигинин өкүлү Лю Чан айыптоолорду «кастык мүнөздөгү» деп атап, Бээжин менен Тегерандын кызматташуусу эл аралык укуктун нормаларына ылайык жүргүзүлөрүн билдирген.

АКШнын өкүлдөрү Иран Кытайдын спутник маалыматтарын америкалык аскер-деңиз күчтөрүнүн кыймылын көзөмөлдөө үчүн колдонушу мүмкүн деп да кооптонууда. Басылманын маалыматына караганда, соңку күндөрү Иран АКШнын аскердик кемелерине карата баллистикалык ракеталарды учурган.

Макала АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин 24-сентябрга пландалган жолугушуусунун алдында жарыяланды. WSJ белгилегендей, Трамп Бээжин менен жакшы мамилени сактоону тышкы саясаттагы негизги артыкчылыктардын бири катары көрөт. Ушундан улам америкалык администрациянын жогорку кызматтагы өкүлдөрү Кытайдын Иранга көмөк көрсөтүшү мүмкүн деген талаш-тартышты коомчулук алдында курчутпоого аракет кылып жатышат.

Дагы караңыз

Кара май баасын туруктуу кармоо чаралары жыл аягына чейин уланатКыргызстан Наговицинанын сөөгүн акысыз эвакуациялоого милдеттүү эмес экени айтылдыБаткенде чек арада курман болгон аскерлердин элесине арналган мелдеш өтүп жататУкраин дрондору Тольятиге жана Таганрогго чабуул койду