Өлкөдө бир жылда кызмат көрсөтүүнүн баасы эң көп кыбаттап, дээрлик 18,9 пайызды түздү.
Ал эми эттин баасы 17,5 % кымбаттаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда жарыяланды.
“Малды экспорттоого коюлган чектөөлөргө карабастан, ички сунуш чектелүү болгондуктан, ошондой эле тоютка, транспортко жана малды күтүүгө кеткен чыгымдарга байланыштуу баа өскөн”, - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары алкоголдук продукцияга жана тамекиге баа 12,1%, тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктарга 9,2%, азык-түлүктөн башка товарлар 8,9% өскөн. Кызмат көрсөтүүлөр жалпы инфляцияга эң чоң салым кошкон.
Улуттук банктын отчетунда көрсөтүлгөндөй, Кыргызстанда экинчи кварталдын жыйынтыгында инфляция 11,1% түздү.
Соңку отчетка караганда, баалардын өсүшү жыл аягына чейин 15% жетиши мүмкүн.
Ал эми биринчи кварталда күйүүчү жана майлоочу майдын баасы 78 сом болсо, экинчи кварталда 84,8 сомго жеткен. Улуттук банк муну Орусиянын өзүндөгү таңкыстыкка байланыштырган.
Биринчи жарым жылда Кыргызстандын ИДПсы 11,9%, ал эми курулуш 69,6% өскөн. Учурда январь-июлда айлык акы 15,3 пайызга көбөйгөн.
Улуттук банк 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Экономикадагы өсүш 10% болот деп болжолдоодо. Ал эми келерки жылы бул көрсөткүч 8,6% болушу ыктымал.
Ошол эле учурда Улуттук банк экинчи кварталда үч жолу интервенция жасап, валюта рыногуна 560,8 млн доллар же 48,9 млрд сом чыгарган.
Кыргызстан эн негизги социалдык маанилүү делген 9 азык-түлүктүн бешөө менен өзүн камсыздай алат. Буудай менен унду Орусия жана Казакстандан импорттойт. Андан башка да бир катар азык-түлүк товарлары боюнча чет элдик импортко көз каранды. Ошондуктан, эл аралык каатчылык, туруксуздук өңдүү тышкы жагдайлардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири ыкчам жана кесепеттүү болот.