Бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, жаш шахматчыларга жолугушуп, академиянын шарты менен таанышты.
Ал өлкөдөгү 500 мектепке 3-5 класстар үчүн пилоттук режимде шахмат сабагы киргизилгенин белгиледи.
4-сентябрда президент Садыр Жапаров «Кыргыз Шахмат союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлык эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап база түзүү жана таланттуу спортчуларды системалуу колдоо максатында кабыл алынганы белгиленген.
Мындан тышкары, заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө, шахматты өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөктөшүү максатында президенттик фонддон 100 миллион сом бөлүп, өлкөдө шахматты өнүктүрүү фондун түзүү каралган.
Жакында Кыргыз шахмат бирикмесинин президенти болуп шайланган саясатчы Аида Салянова өлкөдө шахматты өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлөрүн убада кылган.(КЕ)
Шерине