Бишкектеги “Вефа” соода борборунда эскалатордун 2-кабатынан кулаган 5 жаштагы бала 12-сентябрда сакайып, ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ооруканадан чыгар алдында тестиерден кабар алды. Ал баланын өмүрүн сактап калууга жана ден соолугун калыбына келтирүүгө салым кошкон балдар дарыгерлерине терең ыраазычылык билдирди.
“Бир айга созулган дарылоо жана дарыгерлердин тынымсыз аракети менен оор жаракат алган бала кайрадан басып, сүйлөп, ойноп, чуркай алган абалга келди”, - деп айтылат маалыматта.
2021-жылы туулган А.Б. оор абалда 11-августта шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына түшкөн. Тестиер ооруканага баш мээнин оор жаракаты, баш сөөгүнүн сыныктары, мээнин шишиги, сол жак төбө бөлүгүндөгү эпидуралдык гематома диагнозу коюлган. Бала андан башка дагы жаракат алган. (КЕ)
Шерине