Ишембиге караган түнү Орусиянын аскерлери Украинанын Кривой Рог шаарындагы өнөр жай ишканасына ракета менен сокку урганда бир адам каза болуп, дагы эки адам жараат алды.
Бул тууралуу Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди.
Орусия Днепр шаарындагы ишканага дагы сокку урду. Ал жерде жабыркагандар жок.
Запорожье шаарындагы турак үйлөргө дрон менен сокку урулуп, 64 жаштагы аял жана 37 жаштагы эркек каза болду. 59 жаштагы аял жараат алганын облустун Коргонуу кеңешинин теңтөрагасы Иван Фёдоров Telegram-каналына жазды. Ал жарыялаган сүрөттөргө караганда, үй толугу менен талкаланган.
Одесса шаарында орусиялык дрон 25 кабаттуу турак үйгө тийип, кеминде 23 адам, анын ичинде беш айлык наристе жараат алды. Бул тууралуу Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.
Жети адам жана наристе ооруканага жаткырылды. Соккудан кийин үйдүн 21–23-кабаттарындагы батирлерде өрт чыккан.
Киевдин маалыматында, Орусиянын армиясы баллистикалык "Искандер-М"/KN-23 ракеталарын (саны айтылган жок), сегиз "Калибр" канаттуу ракетасын, Х-59/69 үлгүсүндөгү алты башкарылуучу авиациялык ракетаны жана реактивдүү кыймылдаткыч менен иштеген 129 дронду Украинанын аймагына учурган.
Ракеталар менен сокку уруучу дрондор 20 жерде бутага тийген, дагы төрт жерде алардын сыныктары чачыраган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түнкү соккулардан кийин Запорожье, Кривой Рог жана Одесса шаарларындагы аскердик буталар талкаланганын билдирди.
"Запорожье, Днепропетровск жана Кривой Рог шаарларында аскердик багыттагы өнүмдөр менен камсыз кылган украин металлургия өнөр жай ишканалары талкаланды", - деп айтылат мекеменин эртең мененки билдирүүсүндө.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, түндө Одессада "порт инфратүзүмүнүн объектилери жана Одесса облусундагы стратегиялык маанидеги транспорт инфратүзүмүнүн объектиси жок кылынган.
Мекеменин маалыматында, бул объектилер аскердик багыттагы жүктөрдү түшүрүү жана сактоо, Украинага чет өлкөдөн курал-жарак жана ок-дары жеткирүүдө колдонулган.
Шерине