Кушнер Украина аймагынан баш тартпай турганын, башка чечим изделерин билдирди

Жаред Кушнер (солдо), Стив Уиткофф жана Владимир Зеленский

Аймактык маселе Украинада тынчтыкка жетүүнүн эң татаал бөлүгү бойдон калууда. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер билдирди.

“Ортомчу катары биздин милдетибиз – Украинанын кызыкчылыгын бузбай тургандай жаратман чечимдерди табуу”, - деди Кушнер YES Annual Meeting 2026 форумуна видео байланыш аркылуу катышкан учурда. Ал форумдун негиздөөчүсү, украиналык ишкер Виктор Пинчуктун суроосуна жооп берген.

“Президент Путин ал эмнени каалап жатканын тууралуу өз позициясын билдирди. Эгер Украина буга макул болгондо, биз келишимдин калган пункттары боюнча эчак эле макулдашмакпыз. Бирок Украина азыр аны каалабайт”, - деди Кушнер. Анын айтымында, акыркы тогуз айда АКШ Орусия жана Украина менен аймактык маселелерди эске албаганда сүйлөшүүлөрдүн башка бөлүгү боюнча алдыга жылды.

Орусия аннексияланган төрт аймакты, ошондой эле Крым менен Севастополду өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Былтыр 15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушкан. Путин согушту токтотуу үчүн Киев Украинанын Донецк жана Луганск облустарынан аскерлерин толук чыгарып кетүүсүн жана аннексияланган Крымды Орусияныкы деп таанууну талап кылганын маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышкан.

Орус президенти сунуштаган вариантка ылайык, Херсон жана Запорожьедеги фронт сызыгын учурдагы абалда сактап, ок атууну токтотуу үчүн Украина Донецк, Луганск облустарындагы аскер күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши керек эле.

Украин бийликтери согушту ушул абалда токтото турууга макул, бирок аймактардын Орусияга берилишине каршы, ошондой эле Москва басып алган аймактарга орус суверенитетин таануудан баш тартууда.

Кушнердин айтымында, АКШ администрациясы тараптарды экономикалык стимулдардын негизинде согушту токтотууга көндүрө алат деп ишенет.

“Эки өлкө тең согуш бүткөндөн кийин инвестиция тартууну, жумуш орундарын түзүп, айлык маяналарды көтөрүүнү жана абалды жакшыртууну ойлонушу керек. Бул коомду тынчтык процесстерге тартып, коопсуздуктун эң мыкты кепилдиги боло алат. Бул биздин артыкчылыктуу багытыбыз, эгер биз бул жакка тынчтыкты орното алсак, эки өлкөнүн тең мүмкүнчүлүгү ачылат”, - деди ал.

АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер 5-6-сентябрда Киевде Владимир Зеленский менен кезиккен. Ага чейин америкалык делегация Москвада Владимир Путин менен үч сааттан ашык сүйлөшкөн. Уиткофф эки баш калаадагы сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болгонун айтты. Бирок согушту токтотуу боюнча негизги талаштар, анын ичинде Донбасстын тагдыры чечиле элек.

Дагы караңыз

Кыргызстанда кызмат көрсөтүүнүн баасы дээрлик 20%, эттин баасы 17,5 % өстүКара май баасын туруктуу кармоо чаралары жыл аягына чейин уланатОрусия Украинанын батыш облустарына жана Одессага сокку урдуБишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды